Вестминстерский Фонд за Демократию в рамках проекта ЕБ тарабынан каржыланган Медиа Диалог долбоорунун алкагында Вестминстердик Демократия үчүн Фонду маалыматка болгон укук жөнүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарына анализ жүргүздү. Анализ эл аралык эксперт Тоби Мендел тарабынан DE URE consult Юридикалык компаниясынын Башкаруучу өнөктөшү Наргиза Абдраимованын колдоосу менен жүргүзүлгөн.
Анализде негизинен КРнын "Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" мыйзамы жана “Маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамга, ошондой эле каралып жаткан маселеге жакын болгон башка да мыйзамдарга басым жасалды.
Анализде маалыматка жетүү жөнүндөгү азыркы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кеп-кеңештердин топтому камтылган, мындай өзгөртүүлөр узак келечектен алганда айныксыз түрдөаталган мыйзамдарды жакшырта алмак.
Анализ 2020-жылдын декабрь айында Westminster Foundation for Democracy сайтында жарыяланган.
Коомчулук бул иликтөолөрдүн негизги жоболору менен таанышып чыгуусу үчүн Наргиза Абдраимова тарабынан 14-декабрда онлайн презентация өткөрүлгөн.
Презентациянын катышуучулары жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыктары туурасында кубаттоо пикирлерин билдирип, Кыргызстанда маалыматка жетүү укугуна байланыштуу мыйзамдарга мындай комплекстүү анализ узак убакыттан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатканын белгилешти.
Маалыматка болгон укук жөнүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарына жүргүзүлгөн анализди бул жерден жүктөп алууга же таанышып чыгууга болот.