Бишкек ш., Боконбаев көч., 204 үй, 401 офиси
Сураныч, издөө боюнча суроо-талап киргизүү

Абдраимова: DE URE consult ӨА режими алынгандан кийин деле жарым-жартылай аралыктан туруп иштөөнү улантууну пландап жатат

DE URE consult юридикплык компаниясынын башкаруучу өнөгү Наргиза Абдраимова «Спутник Кыргызстанга» иш процессин онлайн-форматка өткөрүү жөнүдө айтып берди.

Наргиза Абдраимова белгилегендей, эртелей эле өз кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн жана болушунча адамдар менен контактты азайтуу максатында, өзгөчө абал киргизиле электе эле, 16-марттан баштап компания онлайн-форматка өткөн.

Албетте, компания мындай шартка алдын ала даярдык көргөн эмес, бирок чечимди тез эле кабыл алдык: бар болгон маалыматтарды булут сактагычтарына өткөрүү керек болду, кызматкерлер менен жаңыча форматтагы иш тартибин макулдашуу, өз ара байланыштуу туура уюштуруу сыяктуу маселелер турду. Жалпысынан даыярдык иштеринет1-2 күн кетти. Көрсөтүлчү кызматтардын санын кыскартууга туура келди. Эгер мурда биз, мисалы юридикалык тараптарды каттоодон өткөрүү жана лицензия алуу сыяктуу кызматтарды көрсөтсөк, азыр болсо мамлекеттик органдар менен байланышууну талап кылбаган кызматтарды гана көрсөтүп жатабыз: кеп-кеңещ берүү, документтерге экспертиза жүргүзүү, изилдөө жумуштары. Өзгөчө абал киргизилгенден бери көптөгөн ишкерлер кыйын абалда калышты, анткени эч ким мындай форс-мажор кырдаалга жана тез арада аралыктан туруп иштөөгө өтүүгө даяр эмес эле. Шаардыктар жок дегенде бир ай бою үйдө отураары белгилүү болгондо, кардарларыбыз бизге чалып онлайн – консультацияларды берүүнү, уюмдар болсо вебинар өткөрүп берүүнү суранып жатышты. Бүгүнкү күндө айрым кызматтар акысыз, айрымдары үчүн акы төлөнөт. Биз ӨА киргизилгенге чейин деле акысыз кеңеш берүүлөрдү өткөрүп, жөнөкөй маселелер боюнча телефон же мессенжерлер аркылуу суроолорго жооп берип келгенбиз. Эми азыркы жаңы шартта жарандар үчүн кеп-кеңештер акысыз бойдон калат. Корпоративдик онлайн-консультациялар үчүн акы төлөнөт. Бул эмне? Биз бухгалтер, кадрдык жана башка маанилүү орундагы компаниялардын кызматкерлери менен вебинар өткөрүп, алар үчүн маанилүү болгон суроолорго жооп беребиз, мисалы, аралыктан туруп кантип келишимди өзгөртүүгө болот, мындай режимде кардарлар менен иштөө. Башкача айтканда, мурдабиз офисте эмне жумуштарды аткарсак, аларды эми мессенжерлер аркылуу уюштурууга болот. Компаниялар үчүн мындай вебинарлар ыңгайлуу, анткени биз коммерциялык сырды ачыктабастан туруп, ар бир кейсти талкуулайбыз. Мындан тышкары, азыр биз түшүнүп турабыз, көптөгөн кыргызстандыктар үчүн азыр кыйын кырдаал болуп турат: менин оюмча мыйзамсыз жумуштан бошотуулар көп болуп жатат, бизнес кыйынчылыктарга туш болууда, анткени айрымдар форс-мажорго байланыштуу укуктарды пайдаланган жери жок. Ушул эле убакта биздин жумуш көлөмү кыскарды, бошогон убактыбызды эми pro bono кызматтарына жумшай алабыз, башкача айтканда акысыз кызматтарга. Бул жерде кеп-кеңеш берүү жөнүндө эмес, конкреттүү бир иштер туурасында болуп жатат. Айтмакчы, биз ӨА режими алынгандан кийин деле жарым-жартылай аралыктан туруп иштөөнү улантууну пландап жатабыз. Кызматкерлерге мындай формат жакты, бирок алар кардарлар менен жолугушуу жана айрым чукул маселелерди чечүү үчүн офиске келип турууну каалашат. Мындан тышкары, биз канча саат иштегенибизге эмес, белгилүү бир долбоорлор боюнча натыйжалуулукка багыт алууну чечтик, мамлекеттик органдар сунуштаган онлайн жана электрондук сервистерди пайдаланууну көбөйтөлү деп жатабыз. Мисалы, маалымат алуу үчүн кат жөнөтүүнү, лицензия алуу үчүн же ЖЧК каттоо ж.б. документтерди тапшырууну электрондук форматка өткөрүү
деп айтып берди  DE URE consult юридикплык компаниясынын башкаруучу өнөгү Наргиза Абдраимова

Атайын Sputnik Kyrgyzstan үчүн. 

Бөлүшүү

Бул сайтта жарыяланган бардык материалдардын автордук укугу «DE URE consult» Юридикалык компаниясына таандык, эгер бул сайтта жарыяланган материалда же текстте башкача каралбаган болсо. Жарыяланган материалдарды көчүрүүгө жеке колдонуу максатында жана/же башка адамдарга таанышуу максатында акы алынбаган шартта жана басып чыгарылган нускаларда автордук укук кимге таандык экенин көрсөтүү шарты менен уруксат берилет.

«DE URE consult» тейлөө белгисине карата бардык укуктар ОсОО 'Юридическая компания 'ДЕ ЮРЕ консалт' ЖЧКуна катталган.

Жасалган